Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.2087.70
EUR101.90102.90
RUB1.1501.180
KZT0.17000.2000

обновление 23.04.2026 05:26:36

"Крокус" иши боюнча 15 киши өмүр бою кесилди

Израил Ливандагы операциясын кеңейтүүдө. Иран колдогон ливандык "Хезболла" уюму менен ЦАХАЛ он күндөн бери бири-бирин аткылап жатат. Президент Жапаров сот ишине кийлигишкендерди өзү тыярын билдирди. Кыргыз соту кантип эркин болот? Ошто ишкерлер шаарда жасаган жумуштарынын акчасын ала албай калганына даттанышты.


12.03.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33703095.html

 
Loading...

Жарыялар