Кошуналар
-Кечирим сурайм, айым, менин тоогум сиздин гүлзарды тебелеп салыптыр деп уктум. -Кечирим суроонун зарылдыгы жок, Ташмат мырза, сиздин тоогуңузду менин дөбөтүм жеп салган. -Анда эң эле сонун болуптур, айым : сиздин дөбөт менин машинамдын алдында калды!...
Кийинки анекдот/апендини оку
"Жеңишбек Токторбаев кеткенде билдик". Ошто келишими жок башталган курулуштар талкууландыОш шаарында келишими жок башталган бардык объектилер боюнча курулуш компанияларынын алдындагы финансылык милдеттенмелер толугу менен жабылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, каражат республикалык бюджеттен жана Президенттин фондунан бөлүнөт. Министр жана шаар мэри Жанарбек Акаев 17-мартта бизнес өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуп, суроолорго жооп беришти. Буга чейин ишкерлер шаардын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин оозеки буйругуна жана убадасына ишенип, жасаган курулуштарынын акчасын мэриядан доолай баштаган. 17.03.2026 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cr5lg9142veo?at_medium=RSS&at_campaign=rss |
|
Loading...
|
Жарыялар |