Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Маданият мекемелерине жүздөн ашуун автоунаа тапшырылдыКыргызстанда маданият мекемелерине жүздөн ашуун автоунаа тапшырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев унаа ачкычтарын тапшырып жатып маданият чөйрөсүн каржылоо көлөмү акыркы беш жылда 2,5 эсе өскөнүн билдирди. Анын айтымында, тармактын бюджети 2021-жылы 2,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 6,9 млрд сомго чейин көбөйдү.Былтыркы жылы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 851 млн сом бөлүнгөн. Быйылкы жылы 176,9 млн сомго Кыргызстандагы... 17.03.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33708912.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |