Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" Кытайдан акылдуу эсептегич сатып алатЭнергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга иш сапарынын алкагында Kaifa (Shenzhen Kaifa Technology) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылга 300 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу атаган министрликтин басма сөз кызматы 29-мартта кабарлады. Алдыда дагы 90 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.Маалыматка караганда, 2025-жылдын аягына чейин өлкө боюнча 500 миң 100 даана акылдуу... 29.03.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33719098.html |
|
Loading...
|
|
|