Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.30102.30
RUB1.2101.245
KZT0.17500.2000

обновление 21.05.2026 14:01:39

"Орусиядагы абалга мониторинг жүрүүдө". Элге сатылган эттин коопсуздугу суроо жаратты

Орусиянын айрым облустарында ылаңдады делген малдын тарпын өрттөп жатышканы тартылган видеолор быйыл кыш айларынын этегинде Интернетте тарап, коңшусу Казакстан бул өлкөдөн эт азыктарын алууга чектөө киргизген. Кооптонуу Кыргызстанда да жаралып, маселе парламентте көтөрүлгөн.


04.04.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33724714.html

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк