"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
Ит талаган баланын атасы президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун өтүнүүдөБишкектин Калыс-Ордо 2 жаңы конушунда ит талаган баланын атасы Бекзат Туйтеев президент Садыр Жапаровдон өзүн кабыл алууну суранды.Бала жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, абалы туруктуу.Бекзат Туйтеев "Азаттыкка" кыргыз дарыгерлерине ыраазы экенин, бирок баштын жулунган терисин жамап, ордуна келтирүү үчүн кымбат операция талап кылынарын билдирди.Туйтеев мындай операцияларды жасоо тажрыйбасы Түркияда жакшы өнүккөндүктөн баланы ушул өлкөгө алып барууга же түрк дарыгерлерин бул жакка... 04.04.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33724640.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |