Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.4085.30
EUR91.7092.70
RUB0.9500.970
KZT0.12400.2000

обновление 20.07.2024 04:10:08

Бишкекте мейманканадагы өрттөн эки киши жабыркады

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан Kausar мейманканасында өрт тутанып, эки киши жараат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка караганда, мейманканадагы өрт түшкү саат 15:00гө жакын өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгы билдиргендей, өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү.Иске ууланган эки жаран медициналык жардам алышты. Алардын абалы туруктуу экени...


04.04.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33724738.html

 
Loading...

Жарыялар