Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.2087.70
EUR101.70102.70
RUB1.1101.140
KZT0.12000.1950

обновление 13.04.2026 02:27:39

Орусияда Путинди колдогондор азайды. Себеби эмнеде?

Акыркы эки жумада жүргүзүлгөн сурамжылоолор Орусиянын президенти Владимир Путинди колдогондор азайганын көрсөтүүдө. Эксперттер буга Украинадагы согуштун создугушу, мобилдик интернеттин бөгөттөлүшү, Сибирдеги малды кыруу жана башка факторлор таасир эткенин айтышат.


12.04.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33728672.html

 
Loading...

Авто-мото