Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1851.230
KZT0.17000.2000

обновление 13.06.2026 13:47:03

Кош нике боюнча кол топтогон Чотонов милицияга чакыртылды

Бишкекте Шанхай кызматташтык кюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери чогулду. Саммитке согуштук абалда турган Ирандын генералы келиши талкууга түшүп, Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалга уюм таасир эте алабы деген суроо коюлду. Орусиянын Туапсе шаарындагы мунай заводго кайрадан дрондор сокку урулуп, өрт тутанды. Буга чейин чабуулдардан кийин күйүүчү заттар абаны булгаган. Көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен алуу демилгеси менен кол топтогон Өзбек Чотонов милицияга чакырылып,...


28.04.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33744364.html

 
Loading...

Авто-мото