Кыргызча анекдот / апенди:

Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1851.230
KZT0.17000.2000

обновление 13.06.2026 22:47:06

Орусия: Туапседеги мунай заводуна кайра сокку урулду

Орусиянын Туапсе шаарындагы мунай заводго 28-апрелге караган түнү кайрадан дрон менен сокку урулду. Анын натыйжасында ишканада өрт тутанды. Жабыркагандар жок. Заводго жакын жашагандар коопсуз жакка көчүрүлө баштаганын жергиликтүү бийлик билдирди. Бул заводго апрель айында коюлган үчүнчү чабуул. Анда күйүүчү заттар абаны булгап, жамгырга аралашып жер-суунун баарына түшкөн. Андан тышкары Кара деңизге мазут төгүлгөн.


28.04.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33744370.html

 
Loading...

Авто-мото