Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Ким Чен Ын украин күчтөрүнүн колуна түшпөө үчүн «өзүн-өзү жардырган» аскерлерин мактадыКим Чен Ын Орусия тарапта Украинага каршы согушуп жатып, өзүн-өзү жардырып жиберген түндүккореялык аскерлерди мактады. Ал бул билдирүүсү менен согуш талаасында көптөн бери байкалып жаткан көрүнүштү ырастады. 29.04.2026 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cedp1q6jd24o?at_medium=RSS&at_campaign=rss |
|
Loading...
|
|
|