Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD0.170.20
EUR0.170.20
RUB0.1700.200
KZT0.17000.2000

обновление 07.05.2026 11:43:57

Иликтөө: Орусия Украинадагы согушта 352 миң аскерин жоготту

Украинадагы согушта мерт кеткен орусиялык аскерлердин саны 2025-жылдын аягына карай 352 миңге жетти. Мындай маалыматты "Медуза" жана "Медиазона" долбоорлору биргелешкен иликтөөсүндө жарыялады.Басылмалар Mediazona, BBC''нин орус кызматы жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте түзгөн маркумдардын аты-жөнүнүн тизмесине, Орусиянын мурас иштери реестринин маалыматтарына таянган.Курман болгондордун ысымын мурастык иштер реестринин тизмеси менен салыштырып жатып, иликтөөнүн...


09.05.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33753295.html

 
Loading...

Жарыялар