Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Африка: Конгодо эболадан 80 киши, Угандада бир киши каза таптыКонго демократиялык республикасынын чыгышында эбола вирусу жайылып атканын Африкадагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (Africa CDC) кабарлады. Би-Би-Си радиосу аталган борборго таянуу менен өлкө чыгышындагы Итури провинциясынын алтын казылган Монгвалу жана Рвампара шаарларында оорунун 246 учуру жана 80 өлүм катталганын жазды. 15-майда эбола вирусунан киши өлүмү катталганын Уганданын бийлиги ырастады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ал ооруганга чейин Конгодон келгенин... 16.05.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33758224.html |
|
Loading...
|
|
|