Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Тарыхты бурмалоо мүмкүн эмес". Оторчулук термининен чыккан талкууОрусия Илимдер академиясынын тарыхчылары Кыргызстандын тарых окуу китептериндеги “колониализм” жана “колониялык саясат” деген терминдерге каршы болууда. Алар кыргызстандык кесиптештерин бул терминдерден баш тартууга чакырууда. Анын ордуна "администрация" жана “административдик иш-чаралар” сыяктуу аталыштарды сунушташкан. Бирок Кыргызстанда мындай сунуштар кескин реакция жаратты. Кыргызстандын эксперттери башка өлкөнүн идеологиясына ылайык тарыхый фактыларды жана документтерди кайра... 20.05.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33761060.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |