эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Манас шаарындагы спорт мектебин оңдоодо коррупция фактылары аныкталдыМанас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупция фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, Манас шаарындагы Олимпиадалык резервдин регионалдык мектебинде оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү жана кошумча инфраструктураларды куруу учурунда мамлекетке 7 млн. сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгенин аныкталган. “Билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери жалданма уюмдар менен сүйлөшүп алып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Президенттик фонддон бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн өздөштүрүп алышкан”,- деп айтылат маалыматта. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чараларынын алкагында техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда. 21.05.2026 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c4g0r3n8072o?at_medium=RSS&at_campaign=rss |
|
Loading...
|
Жарыялар |