Кыргызча анекдот / апенди:

Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.00102.00
RUB1.1901.235
KZT0.12000.1950

обновление 21.05.2026 23:01:48

УКМК Жаныбек Кубандыков алдамчылыкка шектелип кармалганын ырастады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жаныбек Кубандыков кармалганын 21-майда маалымдап, сүрөтүн да жарыялады. Ал "чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган" деп шектелүүдө.


21.05.2026 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cn7pj4pd2r6o?at_medium=RSS&at_campaign=rss

 
Loading...

Жарыялар