Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Манас шаарында сел үйлөрдүн короолорун каптады22-майда Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда жана Таш-Көмүр, Манас шаарларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайларды суу каптады.Кечинде жааган нөшөрдүн кесепетинен Манас шаарындагы Барпы Сейил, Эркиндик, Курорт жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын короолорун да суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, 24 үйдүн короосун сел каптап, үч үйдүн ичине жана бир үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Эки... 23.05.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33763112.html |
|
Loading...
|
|
|