Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Чектеш өлкөлөрдө камсыздандыруу полисин таануу маселеси парламентте көтөрүлдүЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кыргызстандык айдоочулар Казакстан, Өзбекстанга киргенде автоунаасына алардын камсыздандыруу полисин сатып алууга мажбур болуп жатышканын айтты. Депутат бул тууралуу 28-майда парламентте "Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди."Автоунаалардын камсыздандыруу полисин чектеш өлкөлөрдө өз ара таануу боюнча иштер жүрүп жатабы? Анткени биздин айдоочулар Казакстанга, Өзбекстанга же Орусияга барганда да... 28.05.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33767280.html |
|
Loading...
|
|
|