"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте 24 жаштагы кыз бийик үйдөн кулап каза болду24 жаштагы кыз Бишкектин Токомбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) маалымдады.Окуя тууралуу маалымат 2-июнь күнү саат 18:59да милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.Милициянын ыкчам тобу барып, маркум 2002-жылы туулган М.А. аттуу кыз экенин, ал 2018-жылдан бери Республикалык психикалык саламаттык жана наркология борборунда каттоодо турганын аныкташкан.Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип... 03.06.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33771514.html |
|
Loading...
|
|
|