Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR90.5091.50
RUB0.9250.940
KZT0.12080.1800

обновление 12.02.2025 13:55:25

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев дүйнө салды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда Бишкекте 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Жакындары анын ден соолугу жакшы эле жүргөнүн айтышты.Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты.2002-2005-жылдары башкы прокурор болуп иштеген. 2006-2007-жылдары президенттик администрациясынын жетекчиси болгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V...


08.06.2026 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33775869.html

 
Loading...

Кызматтар