Кыргызстанда май куюучу жайларда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мындай чектөөнү депутат Медербек Чотонов демилгелеген.Спирт ичимдиктерин сатуу боюнча талаптар “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамында белгиленген. Бул тизмеде мектептин, оорукананын, спорттук мекеменин аймагында жана башка жерлерде сатууга...