2005-жылдагы элдик толкундоодон соң бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстандагы "экономикалык кереметин" улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровду кыргыз эли дагы колдошу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 19-июнда Ысык-Көл форумунда сүйлөп жатып айтты.Ал Садыр Жапаровду эл кыйын кырдаалда шайлаганын, бүгүнкү күнү экономика өсүшкө түшкөнүн, социалдык тармактарда да жашоо жакшырганы көрүнүп турганын билдирди. Акаев өлкөдө ири долбоорлор ишке ашырылып...