Арча-Бешиктеги эркек балдардын медресесинде окуган 18-19 жаштагы 37 улан тамакка ууланып, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышты. Алардын ичинен ону ооруканага жаткырылып, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйүнө жиберилди.Маалыматты оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, тамакка ууланган бейтаптардын алгачкысы 18-июнда саат 12:00лерден тартып кайрыла баштаган."18-июнда саат 12:00 ченде алгачкылары кайрылышты....