Президент Садыр Жапаров Эдилбек Тажимырзаевди Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Азамат Турдубековду дайындады. Бул тууралуу маалымат 19-июнда жарыяланды.Тажимырзаев бул кызматка быйыл 31-мартта эле дайындалган. 41 жаштагы Турдубеков мурда Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп иштеген.Президент Жапаровдун 19-июнда жарыяланган дагы бир жарлыгы менен Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков кызматтан алынып, ордуна Азамат Намазалиев дайындалды.Саргазаков бул кызматты 2025-жылдын март...