19-июнда Ысык-Көл эл аралык форуму Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда уланууда. Форумдун экинчи күнүндөгү иш-чараларына Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев катышып жатат. Жыйын алкагында заманбап билим берүү, идеологиялык тушоодон бошонуу, жогорку технология доорундагы адамдын жоопкерчилиги, жасалма интеллект доорундагы медианын ролу, гуманизм жана маданияттын миссиясы жана башка темалар талкууланат.Ысык-Көл эл аралык форуму 18-июнда башталып, ачылыш аземине президент...