18-июнда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык форуму башталды. Иш-чаранын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, 40 жыл мурдагы форумда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун келечек муунга кам көрүп, Жер шарындагы элдер ынтымакта жашашы керек деп айткан сөзүн келтирди."Ооба, бүгүнкү замандын интеллектуалдары өз-өзүнчө дүйнөнү экологиялык жана технологиялык туңгуюктан куткаруунун жолун, айласын издеп жатышат. Бирок бирдиктүү, өзөктүү, жоопкерчиликтүү жана таасирдүү сунуш чыга...