Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ичинде өлкөлөрдү чоң-кичине деп бөлүү деген жок, ал эми Кыргызстан бул бирикмени түптөгөндөрдүн бири. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.