Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) атаандаштыктын күчөшүнө жана медиачөйрөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан өнүгүү потенциалын сактап келет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафорумунда билдирди.