Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун идеяларына таянып, Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосунда жаңы маданий жана цивилизациялык байланышты түзүүнү көздөйт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдирди.