Кыргызстанда оюнчук экспорту 20 эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Январь-март айларында жалпы 310 миңден ашык оюнчук сатылган. Анын ичинен 252 миңге жакыны ЕАЭБ өлкөсүнө кирген Россияга жөнөтүлгөн. Калган продукция Өзбекстанга, аз көлөмдө Түштүк Кореяга экспорттолгон.Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде болгону 17 миң даана оюнчук сатылган.