Ош шаарындагы бардык мечиттердин имамдарына бирдиктүү расмий форма тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.Маалымдалгандай, демилге дин кызматкерлеринин маданиятын, бирдиктүү тартибин жана коомдогу кадыр-баркын жогорулатуу максатында ишке ашырылган. Имамдарды бирдиктүү формага өткөрүү — муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси.Иш-чарада муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев имамдар эл алдында илими жана адеби менен гана эмес, сырткы келбети жана кийими менен да үлгү болушу керектигин белгиледи.