Россияда чет өлкөлүк студенттер, жаш журналисттер, блогерлер жана медиаконтент авторлору үчүн “Эртеңки күндөн кийинки билим берүү” (Образование послезавтра) аттуу эл аралык журналисттик иштердин сынагына билдирмелерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу — Патрис Лумумба атындагы элдердин достугу университетинин (РУДН) маалымат кызматы билдирди.