Жалал-Абаддын Манас шаарында УКМКнын мурдагы кызматкери Азамат Дыйканбаев кармалганы кабарланды.Аскер прокуратурасы ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4.4 бөлүгү ("Кызмат абалынан пайдалануу менен алдамчылык кылуу") боюнча козголгон иштин алкагында кармалганын ырастады.Шектүү Манас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка адамдар да аныкталып жатат.Айрым маалыматтарга ылайык, Дыйканбаев — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин күйөө баласы. Ал мурда атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкармалыгында иштеген.