Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын алкагында күйүүчү май же мотор майы төгүлүп кеткен учурда анын кесепетин ыкчам жоюуга мүмкүндүк берген регламент иштелип чыккан. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.