Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларустан чек арага жакын жердеги ретранслятордук мунараларды алып салууну талап кылып, болбосо бул объектилерге сокку уруусу ыктымал экенин айтты.19-июнда Гондурастын президенти менен берген маалымат жыйында Зеленский Минск Александр Лукашенконун билдирүүлөрүнө карабастан, Украинага каршы согушка катышып жатканын билдирди. Анткени Беларустун эки облусунун аймагында Орусиянын украин шаарларына жасаган соккуларын багыттап турган техникалар...