Орусиянын аскерлери Кара деңиз акваториясында Панама, Сент-Китс жана Невис мамлекеттеринин желеги алдында сүзүп жүргөн жарандык кемелерге чабуул жасаганын Украинанын Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.Анын айтымында, кемелердин биринде экипаж мүчөлөрүнүн бири каза болуп, дагы эки адам жаракат алды. Экинчи кемеде үч экипаж мүчөсү жабыркаган."Учурда кемелер кыймылын кайра улантты. Порт инфраструктурасы коопсуздук жагдайын эске алуу менен иштеп...