Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Алай районунун тургундары менен жолугушканда алар эл аралык трассада жүргөн жүк ташуучу унааларга талапты күчөтүүнү суранышты. Чий-Талаа айылынын тургуну жүк ташып бараткан унаалар өтө ылдам жүрүп, мындан улам жол кырсыктары көп катталып жатканын айтты:“Жакында эле беш бала жетим калды. Ошол себептүү жүк ташуучу унаалардын ылдамдыгын чектеп бериңиздер. Болбосо, жолго атайын дөңсөөлөрдү коюп берсеңиздер. Мындайды Сары-Таш айылына...