Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары 20-июнда иш-чараны жыйынтыктоо алдында токтом кабыл алды. Форумда катышуучулар учурда дүйнөлүк өнүгүү бири-бири менен тыгыз байланышкан көп факторлуу кризистер менен коштолуп келе жатканын тынчсыздануу менен белгилешти. Маселен, геосаясий чыңалуунун күчөшү, куралдуу кагылышуулардын көбөйүшү, климаттык өзгөрүүлөрдүн тереңдеши, социалдык-экономикалык теңсиздиктин күчөшү жана технологиялык өнүгүүнүн ылдамдашы адамзатты...