Бишкек шаарындагы Усубалиев атындагы аянтта Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом жана алгачкы офицердик "лейтенант" аскердик наамы тапшырылды. Бул тууралуу коргоо министрлиги маалымдады. Быйыл Аскер институтун 7 курсант артыкчылык диплому менен аяктап, алардын үчөө президенттин стипендиясына татыктуу болушкан.