20-июнда кечке жуук Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.Мекеме сел Тамаша-Сай аймагынан агып түшкөнүн, сай аркылуу өз нугунда акканын, үйлөргө, мал жандыктарга зыян бербегенин жазды.Анын алдында жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” билдиргендей, сел Кызыл-Булак айылы менен Тамашанын ортосундагы жолду алып кеткен. Алар Өзгөчө кырдаалдар...