Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мурдагы президент Аскар Акаевдин “Садыр Жапаровго кошумча мөөнөт берүү" тууралуу айтканына комментарий берди. Анын айтымында, бул Аскар Акаевдин жеке пикири жана буга бийликтин эч кандай таасири болгон эмес.“Бул бир кишинин жеке көз карашы катары гана кабыл алынышы керек. Буга өзгөчө саясий боёк сүртүп, “Акаев айтты, эми ошондой болот окшойт” деп эле чуу кыла берүүнүн эч кандай кажети жок. Туура, алдыда президенттик шайлоо болсо ага Садыр...