20-июнда Ош жана Баткен облустарынын аймагында нөшөр жаандан улам сел жүргөнүн жергиликтүү бийлик органдары кабарлашты.Баткен аймагында, облустук милиция кабарлагандай, Баткен районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Көк-Таш айылында, Дахма жана Эки-Таш участокторунда сел жүрдү.Дахмада жана Көк-Таш айылында короолорду суу каптап, айрым үйлөрдүн ичине чейин кирген."Окуя болгон жерге дароо чыккан Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери сел кирген үйлөрдү...