Ишембиде күндүз Орусиянын армиясынын соккусунан Запорожьеде беш адам мерт болду, дагы он киши жараат алды. Мурдараак облустук аскердик администрация башчысы Иван Фёдоров соккудан төрт адам мерт болгонун билдирген, кийинчерээк куткаруучулар уранды арасынан бир аялдын сөөгүн табышты. Орусиялык аскерлер шаарга тогуз башкарылуучу авиабомба таштаганы кабарланууда.Орусиянын чабуулу тууралуу Сумы жана Днепропетровск облустарынын бийликтери да маалымдашты. Башкарылуучу авиабомбалар менен жасалган...