Орусия 20-июнга караган түнү Украинанын Харьков шаарына башкарылуучу авиациялык бомба менен сокку урганын калаа мэри Игорь Терехов билдирди. Анын айтымында, кол салуунун кесепетинен көп кабаттуу эки үй зыянга учурады.Эртең менен издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө урандылардын астында каза болгон адамдын сөөгү табылды. Дагы тогуз адам жараат алды, арасында алты жашар бала бар.Жалпысынан, Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 20-июнга караган түнү Орусия ар кандай типтеги 99...