Президент Садыр Жапаров "Ички миграция тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 13-майда кабыл алган.Мыйзамдагы өзгөрүүлөрдө башка шаарлардан келип окуган студенттерге каттоого турууга жеңилдик берилет. Алар жашаган жерине өздөрү окуган окуу жай администрациясынын өтүнүчүнүн негизинде каттоого тура алат. Жеңилдик өлкө ичинде зарылчылыктан улам убактылуу жер которууга аргасыз болгон ички мигранттарга да каралган. Алар жергиликтүү...