Ош шаардык милициясы жарандарды калаадагы жолду кеңейтүү үчүн айрым турак үйлөрдүн жана имараттардын буздурулушу боюнча туура эмес маалымат таратпоого чакырды. Мекеменин 20-июнда чыгарган билдирүүсүндө айрым социалдык тармак колдонуучулары иш жүрүп жаткан жерден видеолорду интернетке жарыялап, ага улут аралык кастыкты козутушу мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келген пикирлер жазылып жатканы белгиленди.“Шаардын жолдорун кеңейтүү учурунда мамлекеттик кызматкерлерге карата мыйзамсыз аракет...