"Ысык-Көл форумунун" алкагында Нобелдин лауреаты, көрүнүктүү кытай жазуучусу Мо Яньдын кыргыз тилинде чыккан "Өлүп кайра тирилгенден тажадым" деген аталыштагы китебинин таанытымы өттү.Китепти кыргыз тилине кытайлык кыргыз Жоро Мамбетасан которуп, Бишкекте басып чыгарылган.Таанытымга чейин Бишкекте Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен Кытайдын Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн баштаган делегация жолугушкан.Анда тараптар эки өлкөнүн адабий...