АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ирандын расмийлери менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Швейцарияга бир күндөн кийин учуп кеткенин анын маалымат катчысы 20-июндун кечинде билдирди.Сапар алдында Вэнс журналисттерге "Мен ал жакта бир же эки күн гана болом", - деп айтты."Биз өзөктүк маселеде, Ливандагы согушту токтотууда ийгиликке жетишебиз деп ойлойм. Менимче, биз көңүл бурушубуз керек болгон эки маанилүү нерсе ушулар. Ирандыктардын да талкуулагысы келген маселелери болот деп...