Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Ысык-Көл эл аралык форумунда президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берүү демилгеси тууралуу сөзүнө түшүндүрмө берди.Ал “Азаттыктыктын” суроолоруна жооп берип жатып, форумга аны мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу чакырганын, президенттин мөөнөтүнө байланыштуу айткан сөзүн коомчулук туура эмес түшүнүп алганын айтты. Андан тышкары, журналисттерге “Жакшы сурансаңар Кыргызстанга келем” деп тамашалап жооп берип койгонун кошумчалады.“Төрт жыл эч...