Бишкектин Арча-Бешик конушундагы медреседе тамакка ууланганын айтып, ооруканага кайрылган адамдардын саны 58ге жетти.Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдирди.Анын сөзүнө караганда, 23 адам ооруканага жаткырылды, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. Буга чейин оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бир бейтаптын абалы жакшырганына байланыштуу палатага которулду.Окуучулары...